Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:57

Улуттук банк Текебаев боюнча ЖК комитетине арызданат


Улуттук банк аталган банктын төрага орун басары Заир Чокоев менен Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебавдин ортосундагы окуя боюнча билдирүү таратты. Анда 6-июнда парламенттин жыйынында сүткорлукту чектөө тууралуу мыйзам долбоор талкууланып жатканда “Текебаев Чокоевди эл алдында кемсинтип, басмырлаганына” байланыштуу ал залдан чыгып кеткени айтылат.

Текебаев “эл өкүлү катары өзүн татыктуу алып жүргөн жок, мыйзам долбоор каралып жатканда адамды кемсинтүү деңгээлине түштү” деп айыпталган. Ушундан улам банк парламенттин Регламент жана этика комитетине кайрылганы жатат. Текебаев болсо дооматтарды четке кагууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG