Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук прокурор Кылычбек Токтогулов маалымдады. Ага ылайык, “Ата-Журт” фракциясынын камактагы депутаты Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев Кылмыш кодексинин 233, 297 жана 297-беренелери, башкача айтканда "массалык баш аламандык уюштурган", "бийликти күч менен басып алган", жана "конституциялык түзлүштү күчтөп өзгөртүүгө чакырган" деген айыптар тагылды. Кылмыш ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетт комитети менен облустук ички иштер башкармалыгы тергеп жатат. Прокуратура көзөмөл жүргүзүүдө.
31-майда Жалал-Абадда Кумтөр жана камалган депутаттар боюнча нааразылык акцияга чыккандар облустук акимчиликти басып алган. Анда Медербек Үсөнов “элдик губернатор” деп жарыяланган. Кийин Үсөновду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камап салганда митингчилер Барпы айылынын тушунда Ош-Бишкек жолун буушкан эле. (EBM)