Түндүк менен Түштүк Корея акыркы жылдардагы алгачкы жолугушууну ортодогу катуу кайтарылган чек арадагы аймактардын биринде өткөрүүнү чечишти. Түштүк Кореянын Биригүү министрлиги Пхенян Сеулдун жекшембиде Панмунжомдо жолугушуу сунушуна бүгүн макул болгондугун кабарлады. Эки өлкө биргелешип иштеткен фабрика комплексин, чек ара аймагындагы башка долбоорлорду кайра ишке киргизүү жогорку деңгээлде кийин карайт. Пхеняндын билдиришинче, министрлердин деңгээлиндеги жолугушуу Сеулда шаршембиде өтөт. Апрел айында Пхенян чек аранын ары жагындагы "Кэсон" өнөр-жай комплексинде иштеген 53 миң жумушчусун чыгарып кеткен эле. Сеул өз кызматкерлерин май айында алып кеткен.