Ош шаарында унаалардын дөңгөлөгүн уурдоого шектелген 18-20 жаштагы балдар тобу кармалды. Шаардык милициянын берген маалыматына караганда, алардын баары Ош шаарынын тургундары.
Милициянын маалыматы боюнча, акыркы учурларда дөңгөлөк уурдаткан айдоочулардан арыз көп түшө баштаган. Кылмышка шектелгендер унаалардын арткы дөңгөлөктөрүн чечип кетип арзан баада сатып келген. Тергөө амалдарынын болжолдуу жыйынтыгына ылайык, кылмышка шектелип кармалгандар тарабынан 10дон ашуун унаанын дөңгөлөгү уурдалган. Учурда тергөө амалдары уланууда. (SE/AKu)