Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:31

Президент Атамбаев июнь окуясы боюнча макала жазды


2010-жылдагы июнь коогасы тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин макаласын жергиликтүү эки гезит жума соңундагы санына жарыялады. Анда 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийин Кыргызстандын айрым аймактарында улуттар аралык мамилени козгоо аракеттери болуп, убактылуу өкмөт улам аларды токтотуу чараларын көрүп келгени, бирок Ош окуясында ошол бийликтин күчү жетишсиз болуп калганы жазылат.

Макаланын "Жаңжал кимге керек эле?" деген бөлүгүндө президент талкалоолор, өрттөөлөр, бейкүнөө адамдарды өлтүрүүлөр көп жылдар бою топтолгон көйгөйлөрдүн кесепетинен гана эмес, атайлап уюштурулган провокациялардын себебинен чыкканын, кыргыздар менен өзбектер пландалган бузуку максаттардын барымтасында калышы кан төгүүлөргө алып келгенин белгилейт.

Ал эми жаңжалдын басаңдоосу тууралуу жазылган бөлүмдө элди сабырдуулукка чакырган негизги күч элдин өзү, аксакалдар экенин президент баса белгилеген.

2010-жылдын 10-июнунун кечинде Ош шаарында кыргыз-өзбек улуттарынын ортосунда тутанган жаңжал улут аралык чоң чатакка айланып кеткен эле. Бир жумадай созулган жаңжалда эки тараптан 400дөн ашык адам мерт кетип, ондогон адамдар дарексиз жоголгон. Бир канча үй, соода жайлары жана башка имараттар өрттөлгөн. (AKu)

XS
SM
MD
LG