Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Пакистанда армия менен полицияга кол салуулар болду


Бир катар кол салууларда пакистандык тартип коргоочулар жана аскерлер набыт кетти. Бүгүн Пакистандын түндүк-батышында аскердик кербенге жол тазалап жаткан эки аскер бомба жарылуусунан көз жумду. Экинчи жардыруу ушул эле жолдо болуп, бир аскердин өмүрүн алды. Түндүк Вазиристанда Миранхаштан 20 чакырымдай чыгышта бараткан аскер кербени жардырылганда дагы эки аскер жараат алды.

Бүгүн ошондой эле Карачи шаарында мотоцикл тепкен куралчан полицияга ок ачып, эки офицерди атып өлтүрдү. Дагы бири жарадар болду. Карачиде кечээ бир нече атышууда жети киши, анын ичинде бир полиция офицери набыт кеткен.

XS
SM
MD
LG