Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:10

Обама менен Си «айкындуулукту кеңейтүүгө» макулдашты


АКШнын президенти Барак Обама менен Кытайдын жетекчиси Си Цзинпин Калифорнияда эки күн сүйлөшүү жүргүзүштү. Тараптар соода, экономика, инвестиция жана энергетика тармагындагы кызматташттыкты тереңдетүүгө да макулдашышты. Кытайдын тышкы иштер министри Ян Цзечи маалымат жыйынында билдиргендей, Си «эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгын жакшыртып, өнүктүрүүнүн маанисине» токтолду. Обама Сиге АКШнын «кытайлык хакерлер америкалык өнөр жай сырларын уурдап жатат» деген кинесин ачык айткан эле. Яңдын айтымында, Кытай кибер-коопсуздук маселесинде АКШ менен тирешке эмес, кызматташттыкка артыкчылык берет. Бул Синин март айында кызматына киришкенден берки Обама менен алгачкы жолугушуусу.

XS
SM
MD
LG