Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:12

Эрдогандын партиясы шайлоону чукул өткөрбөйт


Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандын партиясы он миңдеген демонстранттардын шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү талабын четке какты. Стамбулдагы жыйында Акыйкаттык жана Өнүгүү, же АК партия жергиликтүү жана президенттик шайлоо келээрки жылы, ал эми парламенттик шайлоо 2015-жылы план боюнча өтөөрүн бышыктады.

Эрдоган жума күнү өкмөткө каршы демонстрацияларды дароо токтотууну талап кылган, бирок ишембиде нааразылык акция уланды. Демонстранттар Стамбулдун Таксим аянтында кала беришүүдө. Шаардын негизги үч футбол командасы: "Бешикташ", "Галатасарай" жана "Фенербахченин" күйөрмандары Эрдогандын кетишин талап кылып, чогуу жүрүш жасашты. Полиция кечээ кечинде Анкаранын борбордук Кызыл-Ай аянтында жол тосуп, көчөлөрдө от жаккан демонстранттарга каршы түтүн газ жана суу замбирегин колдонду.

XS
SM
MD
LG