Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:52

Эрдоган: Демонстранттар ууру-кескилер


Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган кайрадан өз бийлигине каршы чыккан демонстранттарды «ууру-кески» деп айыптады. Эрдоган өткөн түнү анын колдоочулары демонстранттар менен кагылышкан Адана шаарында бүгүн сүйлөдү. Ал өз жолдоочуларын зордукчул аракеттерге барбоого чакырды. Кечээ Эрдогандын партиясы он миңдеген демонстранттардын шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү талабын четке каккан эле. Полиция кечээ кечинде Анкаранын борбордук Кызыл-Ай аянтында жол тосуп, көчөлөрдө от жаккан демонстранттарга каршы түтүн газ жана суу замбирегин колдонду.

XS
SM
MD
LG