Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Нарында “Хизб-ут-Тахрирдин” аймактык жетекчиси кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тараткан маалыматка ылайык 39 жаштагы жетекчи менен кошо уюмдун дагы эки мүчөсү кармалган. Азырынча алардын аттары ачык айтылбайт. Маалыматта айтылгандай булар жергиликтүү элге “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун идеяларын жайылтып жүрүшкөн. Кармалгандардын жанынан тыюу салынган диний-экстремисттик адабияттар жана дисктер табылган.
УКМК бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун, учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирет.
“Хизб-ут-Тахрир” уюму Кыргызстанда террордук-экстремисттик уюм катары таанылып, анын ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG