Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:02

Ошто июнь коогасы эскерилди


Үч жыл мурунку коогалаңды эскерүү иш-чараларына учурда Ошто жүргөн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев катышты. Иш-чара “Эненин көз жашы” мемориалдык эстелигине гүл коюу менен башталды. Андан кийин премьер-министр баштаган бийлик өкүлдөрү, аксакалдар, жергиликтүү тургундар “Тынчтык коңгуроосу” деген аталыштагы мемориалдык комплекске барып, коогалаңда набыт кеткендерди эскерип, куран окушту. Митинг-реквиемде сүйлөгөн сөзүндө премьер-министр - кыргыз бийлиги мындай окуя тарыхта экинчи кайталанбашы үчүн колунан келген аракеттерин жасайт деп айтты.

Премьер-министр бүгүн Жалал-Абад шаарындагы июнь коогалаңын эскерүү чараларына да катышары айтылууда.

2010-жылы 10-июнда Ош, Жалал-Абад шаарларында улуттар аралык жаңжал тутанып, анда 400 ашуун киши набыт болгон. Ондогон адамдар бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз.(ZKo/EN)

XS
SM
MD
LG