Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Данияр Үсөнов он беш жылга кесилди


Данияр Үсөнов парламентте, 21-октябрь, 2009.
Данияр Үсөнов парламентте, 21-октябрь, 2009.
2010-жылдагы апрель окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду Бишкектин Биринчи май райсоту Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин 4-пункту жана 305-беренесинин 2-пункту боюнча күнөөлүү деп тапты. Ага 2007-жылы Бишкек шаар мэри болуп турганда мыйзамсыз токтом менен Ата Түрк паркынан 11,31 гектар жерди тартып алган, муну менен мамлекетке 160 млн. сомдук зыян келтирилген деген айып тагылган. Соттук териштирүүдө далилденгендей бул жер КР Жер кодексине ылайык өзгөчө коргоого алынган, маданий аймак болуп саналганына карабай, Бишкек мэриясынын токтому менен 107 гектардан кесилип алынган. Мэриянын бул токтому шаар кеңеши тарабынан бекитилген эмес. Кыргыз өкмөтү бул маселени кароого тийиштүү болгону менен караган эмес деп айтылат иштин материалдарында.

Сот муну менен мурунку премьер-министр, Бишкек шаарынын экс-мэри Данияр Үсөновго өз кызыкчылыгы үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагып, он беш жылга күчөтүлгөн режимде жаза өтөсүн деген өкүм чыгарганын бүгүн Жогорку Соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Данияр Үсөнов 2007-жылы Бишкек мэри, 2009-жылы премьер-министр болуп иштеген. Апрель окуяларынан кийин өлкөдөн качып кеткен. Ал ошондой эле апрель окуясында куралсыз митингге чыккан элге ок атууга буйрук берген деген айып менен да сыртынан соттолууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG