Транзиттик борбордун маалымат кызматы кабарлагандай, борбордун мурдагы башчысы полковник Кори Мартиндин ордуна полковник Жон Миллард келет. Жетекчилердин алмашуусу 13-июнда болот. Жон Миллард буга чейин Калифорниядагы Трэвис аба базасында оперативдүү топту жетектеп турган, ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарындагы ал-Дафра аба базасынын экспедиция-операциялык тобунун командачысынын орун басары болгон.
“Манас” аба майданындагы АКШнын аскер базасы 2001-жылы Ооганстандагы терроризмге каршы күрөшкө жардам берүү максатында ачылган. Андан соң 2009-жылы макамы өзгөртүлүп, транзиттик жүк ташуучу борбор аталып калган.
“Манас” Транзиттик борбору менен келишимди 2014-жылдан тартып токтотуу боюнча мыйзам долбоору учурда Жогорку Кеңештин фракцияларында каралууда.(ZKo)