Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Президент Мамтил мыйзамына өзгөртүүлөрдү артка кайтарды


Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз тилин белбеген мамлекеттик кызматкерлерди административдик жазага тартууну караган «Мамлекеттик тил” жөнүндө жана “Администрациялык жоопкерчилик” жөнүндө мыйзамдарды өзгөртүүлөргө каршы пикирин билдирди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Президент аталган өзгөртүүлөр Баш мыйзамдын айрым беренелерине каршы келээрин жана айрым тактоолор зарылдыгын белгилеп, парламентке кайра жөнөттү.

Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш ушул жылдын 25-апрелинде кабыл алган. Анын демилгечилери, бул мыйзам кыргыз тилин өнүктүрүүгө жана кеңири колдонууга өбөлгө түзөөрүн билдиришкен болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG