Түштүк Африка Республикасынын мурдагы президенти, Нобел сыйлыгынын лауреаты ишемби күнү ооруканага жеткирилип, ошол бойдон ал жакта калууда.
Мандела буга чейин да бир нече жолу өпкөсүнөн кагынып, ооруканага түшкөн. Дарыгерлер анын акыбалын оор, бирок туруктуу деп мүнөздөшүүдө. Мандела өзү дем алууда.
Нельсон Мандела келерки айда 95ке чыгат. Апрелде 10 күн пневмония деген диагноз менен ооруканада жатып чыккан. Бул оору менен Мандела түрмөдө кургак учукту жуктургандан кийин ооруй баштаган. Апартеиддерге каршы күрөшкөн Нельсон жалпысынан түрмөдө 27 жыл отурган. 1990-жылы боштондукка чыгып, Түштүк Африкада биринчи кара президент болгон (AiK).