Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Парламент комитети Транзиттик борборду чыгаруу боюнча келишимди колдоду


Дүйшөмбүдө Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Манас” аба майданында жайгашкан АКШнын Транзиттик борборун чыгаруу боюнча келишимди колдоду. Бул тууралуу аталган комитеттин төрага орун басары Ирина Карамушкина “Азаттыкка” кабарлады. Эми аталган келишим парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинде каралып, андан соң Жогорку Кеңештин жалпы жыйына сунушталмакчы.

Кыргыз өкмөтү Транзиттик борборду чыгаруу боюнча келишимди өткөн айда даярдап, парламенттин кароосуна жөнөткөн. Тышкы иштер министрлигинин түшүндүрмөсүнө ылайык, кыргыз парламенти кийинки жылдын январь айына чейин аталган келишимди бузуу тууралуу мыйзам кабыл алышы керек.(BkA)

XS
SM
MD
LG