Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:07

Бишкек: жыл башынан бери тамак-аштан ууланган 85 факт катталды


Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, Бишкекте Арча-Бешик конушунда кечээ сосискадан ууланып ооруканага түшкөн жети адамдын абалы дурус. Апасы алты баласы менен Кулиев көчөсүндөгү жайма базардан сатып алган сосиканы жегенден кийин ууланган.

Экспертиза жана оорулардын алдын алуу боюнча шаардык борбордун жетекчи орун басары Курманбек Өмүралиевдин маалымдашынча, жыл башынан бери тамак-аштан ууланган 85 учур катталды. Адистер жай айларында мындай учурлар дагы көбөйүшү ыктымалдыгын, ушундан улам сак болуу керектигин эскертүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG