Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Түлеевдин саламаттыгы туруктуу


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын камактагы депутаты, Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеевдин адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев билдирди. Анын айтымында, Түлеев учурда Улуттук онкология борборунда дарыланып жатат.

Буга чейин айрым маалымат каражаттар Түлеевдин саламаттыгы кескин начарлап кеткенин жазып чыккан эле.

Түлеев өткөн жылы 21-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алынган. Ага 2008-жылы мэр болуп турганда "Кытайдан автобустарды алып келүүдө мамлекетке ири көлөмдөгү зыян келтирген" деген айып тагылган. Учурда бул иш боюнча сот процесси өтүп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG