Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Самаркандекке кошумча күч барды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткендеги Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Кеңеш Салихов кабарлады. Учурда чек арачылар, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Салиховдун билдиришинче, Паскы-Арык айылында кыргыз-тажик жарандарынын чыры такталбаган жерге байланыштуу чыккан. Кыргыз тарап ал жерди Паскы-Арыктын жайыты деп эсептейт. Бирок тажиктер да ээлик кыларын айтып, делимитация иштери бүтмөйүнчө эки жак тең эч нерсе курулбайт, пайдаланылбайт деп чечишкен. Ага карабай кечээ тажик тарап 30-40 унаа топурак төгүп салган. Буга жаалданган эл топтолуп, милиция тирешти убагында токтотуп калган. Азыр төгүлгөн топуракты самаркандектиктер кайра ташып салды.

Самаркандекте төрт айыл бар жана 11 миңдей адам жашайт. Тегерегин Тажикстандын Сурух, Чарку, Сураб деген жамааттары курчап турат. Мындан улам Лейлек тарапка гана чыгууга жол бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG