Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

Ооганстанда талибдер кыргыз жаранын барымтадан бошотту


Нургазы Конушбеков
Нургазы Конушбеков
Бүгүн "Талибандын" расмий өкүлү Забиулла Мужахид кабарлагандай, тогуз адам менен кошо апрелде барымтага алынган кыргызстандык учкуч Нургазы Конушбеков кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчү менен бошотулду.

47 жаштагы Н. Конушбеков менен кошо тогуз чет өлкөлүк жаран 22-апрелде Ми-8 тик учагын Ооганстандын чыгышындагы Логар провинциясында авариялык кондурууга аргасыз болушкан эле. Ошол учурда аларды талибдер барымтага алышкан.

Талибан барымтага алгандардын ичинде сегиз түрк, бир орус улутундагы адам жана бир ооган котормочу болгон. Түрктөрдү талиптер өткөн айда бошотушкан. Бирок азыр орус жараны менен ооган котормочу дале барымтада калууда. Мужахиддин айтымында, азыр алар бул кишилердин “чалгын кызматтары менен байланышы бар жоктугун иликтеп жатышат”.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча Ооганстандын расмий бийлиги, АКШ, Орусия, Түркия элчиликтери жана Ооганстандагы коопсуздукту камсыздоо боюнча эл аралык күчтөрдүн командачылыгы менен байланышып, зарыл чараларды көрүүгө аракет кылып жатканын буга чейин “Азаттыкка” кабарлаган. Тышкы иштер министрлигинде бул иш боюнча атайын топ түзүлгөн болчу. (TD)

XS
SM
MD
LG