Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

“Азаттык” дайым чордондо


7-июнда "Азаттык" Бишкекте 60 жылдык мааракесин белгиледи. Кечеге Кыргызстандагы сөз эркиндигине, демократияга салым кошкон адамдар, “Азаттыктын” көп жылдан берки каармандары жана күйөрмандары катышты.

Маараке учурунда айрым коомдук ишмерлердин “Азаттык” тууралуу пикирин сунуштайбыз:

Бексултан Жакиев, Кыргыз эл баатыры, атактуу драматург:

- “Азаттык” деген радио ачылганы тууралуу мен алгач ирет университетте окуп жүргөндө Түгөлбай Сыдыкбековдон уктум. Ушундай радио бар экен деп айтып калды. Мен ошондо радио сатып алдым, ал кезде Төлөмүш Океев, Ашым Жакыпбеков болуп батирде кошуна жашачубуз. Ошондо эле “Азаттыкты” түн ичинде каңгыратып, өчүргөнүнө карабай тыңшачубуз.


​“Азаттык” жүрө-жүрө биздин улуттун, кыргыз элинин аң-сезимин демократиялык багытта өстүрүүгө, калыптоого жол ачты. Бизди калыс, адилет, маданияттуу пикир айтууга тарбиялады десек түк жаңылбайбыз.

Экинчиден, “Азаттык” Кыргызстандын радиосуна чоң таасир берди. Бүгүн да “Азаттык” менен Кыргыз радиосу атаандаш эмес, бири-бирин толуктаган радиолор катары иштеп келатышат.

“Азаттык” радиосу - бул улуттук ар-намысыбызды ойготуп турган, ынтымакка чакырган, калыстыкты, адилеттикти үйрөткөн радио болуп жатат.

Алмазбек Атамбаев, президент:

- “Азаттык” радиосу Кыргызстанда сөз эркиндигин өнүктүрүүгө, адам укугун коргоого, демократия институттарынын калыптанышына олуттуу салым кошту. Кыргызстанда “Азаттыктын” бөлүмү ачылганына 20 жылдан ашты. Ушул мезгил аралыгында радио элибиз үчүн эң жеткиликтүү жана ишенимдүү маалымат булагына айланды.

Кыргызстанда авторитардык, үй-бүлөлүк бийлик күч алып, сөз эркиндигин муунтуп, журналисттерди уруп-сабап, атургай көзүн тазалап турган мезгилде “Азаттык” радиосу элге чыркыраган-чындыкты жеткирип турду. Мындан ары да миллиондогон кыргыз угармандарыңарга калыстык, тең салмактуу принципти сактоо менен өз кызматыңарды мыкты аткара бересиңер деп ишенем.

Роза Отунбаева, экс-президент:
- 20 жылдан бери “Азаттык” кыргыз тилин ааламга чыгарды, байытты, такшалтты. Кыргыз тилин үйрөнөм дегендерге мен кеңеш берет элем, эртең мененки саат жетиден баштап, түнкү саат он жарымга чейин “Азаттыкты” уккула. Ошондо заманбап, чырайлуу, бай эне тилин үйрөнөсүңөр.

1992-жылы Кыргызстандын Америкадагы биринчи элчилигин ачканы барып, мен эң биринчи эле Азамат Алтай аксакал менен жолуктум. Менин эсимде, ал киши “кыргыз эли жакшы жашап кетет” деген сөзүн айтып, анан пенсиясын Каракол жана Жалал-Абад университетине бөлүп берди. Мен өзүм эки ирет стипендияны алып барып бергеним эсимде.

​Кыргызстан эгемендик алган күндөн тарта “Азаттык” эл үчүн демократия мектеби болуп калды. “Азаттык” ошол убакыттан бери эл менен чогуу ысык-суукту бирге көрүп, тар жол, тайгак кечүүдө чогуу болуп келатат. “Жакшы гезит же жакшы радио - эл өзү менен өзү сүйлөшүп жаткандай”, - дептир америкалык жазуучу Артур Миллер.

“Азаттык” окуяны болгонун болгондой чагылдырып, элдин көзү, кулагы, жүрөгү болуп калдыңар. Силер баарыбызды, жергиликтүү массалык маалымат каражаттарын да эркин сөздүн эрежелерине үйрөтүп, ынандырдыңар.

Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" партиясынын лидери:

- “Темир көшөгө” деп аталган маалда “Азаттык” биз үчүн жападан жалгыз альтернативалык маалымат булагы болгон. Ал эми мамлекет эркиндикке чыгып, көз карандысыздыкты алгандан кийин “Азаттык” жалгыз маалымат булагы бойдон калган жок, бирок негизги булак бойдон калды.

“Азаттык” дайыма биз менен чогуу үй-бүлөлүк башкарууга, диктатурага каршы күрөшүп, демократиялуу коом курууга чоң салым кошту. Бүгүн дүйнө өзгөрүп жатат. Адам өзгөрүп жатат. Бугүн биз информациялык жарылуу, революцияны башыбыздан өткөрүп жатабыз. Эгерде мурда информация жок болуп проблема болсо, азыр информация көп болуп, проблема болуп жатат.

​Аралык кыскарды. Убакыт тездеди. Аалам алаканыбызга батып калды. Мына ушундай заманда "Азаттыктын“ өз орду барбы? Азыр кара ниет, азгырыкты көздөгөн, жаман жолго багыттаган маалыматтар бар. Мына ушундай коркунучтан адамзатты ким сактап калат? Динби? Салтыбызбы? Маданиятыбызбы? Мына ушундай жаңы заманда да мен “Азаттыктын” өз орду бар деп эсептейм.

Мына ушундай океанга туш келген убакта бизге жол көрсөткөн маяк, ориентир керек. Мына ошондойдо бизди жетелеген лидер керек. “Азаттык” өзүнүн калыс, теңсалмактуу, объективдүү маалымат берген стандарттары менен бизге жолдош, лидер боло алат. Жаңы маалыматтык технологиялар заманында “Азаттык” да көп каналдар аркылуу, көп түрдүү болуп өзгөрүшү керек. Ошондо гана “Азаттык” 60 жыл эмес, дагы көптөгөн жылдар бою коомду алдыга сүрөгөн фактор боюнча калат.

Азаттыктын жолунда (видео тасма)
Акыйкат. Ак сөз. Ачык коом
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:58 0:00
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG