ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:09

УКМК барымтадан бошогон кыргыз жараны боюнча түшүндүрмө берди

Ооганстанда кыргыз жаранын бошотуу боюнча талиптер менен сүйлөшүүнү Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү жүргүзгөн.

УКМК тараткан билдирүүгө ылайык, Нургазы Конушбеков 9-июнда бошотулган. Өкмөттүн маалымдашынча, ал эртең таңга маал Бишкекке учуп келет. Буга чейин кыргыз жаранынын бошотуу иштерин президент Алмазбек Атамбаев өз көзөмөлүнө алган болчу. (EBM)
​
XS
SM
MD
LG