Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган дээрлик эки аптадан бери Стамбулдун Таксим аянтында өкмөткө каршы демонстрацияга катышып жаткандарды тынч таркап кетүүгө чакырды. Өкмөт башчы соңку нааразылык толкунун “Түркиянын эл аралык аброюна шек келтирүүнү каалагандардын планы” деп атады. Эрдоган эртең митингдин катышуучулары менен жолугушмак. Анын алдынан өткөн түнү полициянын ыкчам аракеттенчү тобунун жүздөгөн өкүлдөрү митингчилерди Таксим аянтынан кууп чыгарган.
Таксимди ээлеп алган митингчилерди кууп чыгарыш үчүн алар көздөн жаш чыгарчу газ, суу аткычтарын жана желим окторду колдонушту. Полицияга каршылык көрсөткөн айрым демонстранттар фейерверк менен атышканы кабарланууда. Аянттан куулган митингчилер азыр Гези паркындагы чатырларга жайгашты.