Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:47

Мамдума: балдарды гомосексуализмге үндөгөндөр жазаланат


Гейлердин укугун коргогондор менен диний активисттердин кагылышы, 11-июнь, 2013
Гейлердин укугун коргогондор менен диний активисттердин кагылышы, 11-июнь, 2013
Орус парламенти гомосексуализмди балдарга пропагандалагандарды жазага тартчу мыйзам долбоорун кабыл алды. Мыйзам “салттуу эмес сексуалдык мамилелерди балдарга пропагандалаган” орус жарандарына, чет өлкөлүктөргө же маалымат каражаттарына бир миллион рублга (31 миң АКШ доллары) чейин айып такканга жол берет.

Бүгүн мыйзам экинчи жана үчүнчү окулушунда каралып жаткан чакта Мамлекеттик думанын алдында гейлердин укугун коргогондор менен диний активисттер кагылыша кетишти. Аларды басыш үчүн полициянын кошумча күчтөрү жеткирилди. Натыйжада эки тараптан тең 20дай адам камакка алынды.

Эми мыйзам долбоору парламенттин жогорку палатасы – Федерация кеңеши – тарабынан жактырылып, президент Владимир Путин ага кол койсо, күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG