Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Талиптердин барымтасынан бошогон кыргыз жараны Бишкекке кайтып келди


22-апрелден бери Ооганстандын чыгышындагы Логар провинциясында талиптердин туткунунда кармалып турган Нургазы Конушбеков бүгүн таң эрте Кыргызстанга келди. Ал барымтада көп деле кыйынчылык көрбөгөнүн айтып, аны бошотуудагы аракеттери үчүн кыргыз бийликтерине ыраазылыгын билдирди:

-Биринчиден, мен биздин өлкөгө, өкмөткө президент Алмазбек Атамбаевге ыраазылык билдиргим келет. Ошондой менин бошотулушума түздөн-түз катышкан Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлерине жана менин тагдырыма көңүл бурган элиме рахматымды айтам.

47 жаштагы Нургазы Конушбеков менен кошо тогуз чет өлкөлүк жаран апрель айында Ми-8 тик учагын Логар провинциясында авариялык кондурууга аргасыз болушканда талиптер тарабынан барымтага алынган.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча Мамлекеттик комитети Нургазы Конушбеков бул комитет менен "Талибандын" ортосунда жүргөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде 9–июнда бошотулганын билдирген.

"Талибан" барымтада кармагандардын ичинде сегиз түрк, бир орус улутундагы адам жана бир ооган котормочу болгон. Түрктөрдү талибдер өткөн айда бошоткон. Орус жараны менен ооган котормочу дале барымтада калууда.(BkA\EBM)

XS
SM
MD
LG