Бул тууралуу “Азаттыкка” энергетика жана өнөр-жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди. Анын айтымында, бүгүн ГЭСтер каскады жайгашкан Нарын районунда курулуш иштерин ачуу жөрөлгөсү болот. Ага президент Алмазбек Атамбаевдин катышары күтүлүүдө. Буга чейин Орусия тараптан каскадды куруудагы Кыргызстандын өнөктөшү “Русгидро” ишканасы - ГЭСтердин курулушу 5-6 жылга созулуп, алгачкы гидроагрегат 2016-жылы ишке кирерин маалымдаган.
Орусия менен биргеликте Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге былтыр кол коюлган. Ага ылайык, аталган долбоорду толугу менен Орусия каржылайт, үлүш болсо теңме-тең бөлүнмөкчү. Жогорку Нарындагы ГЭСтердин баштапкы баасы 400 млн. доллардын тегерегинде болжолдонууда. (BkA)