Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:09

УКМК: Конушбековду бошотууга талиптер акча сураган жок


Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынын өкүлү Кубан Арзыкулов билдирди. Анын айтымында, аталган комитеттин атайын тобу 28-майда Конушбековду бошотуу үчүн "Талибан" кыймылынын жетекчилиги менен Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн биринде жолуккан. Анда талиптер барымтадагы кыргыз жаранын бошотууга эч кандай акча талап кылбай, шарт койбостон Конушбековду бошотууга макул болушкан.

Ошондой эле учурда барымтада калган Орусиянын жаранын бошотуу үчүн да Кыргызстандын атайын кызматы көмөк көрсөтүп жатканын билдирди.

47 жаштагы Нургазы Конушбеков менен кошо тогуз чет өлкөлүк жаран 22-апрелде Ми-8 тик учагын Логар провинциясында авариялык кондурууга аргасыз болушканда талиптер барымтага алышкан. (BkA\EBM)

XS
SM
MD
LG