Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:44

Грекия: кризистен улам мамлекеттик телеканал жабылды


Грекияда бюджеттеги каражатты үнөмдөө максатында өкмөт мамлекеттик теле жана радионун берүүлөрүн жабуу тууралуу чечим кабыл алды. Мындай чечим шейшемби күнү жарыяланаар менен дароо мамлекеттик телерадио өз ишин токтотту.

Өкмөттүн маалымат катчысы Сиос Кедикоглу мамлекеттик телерадиокомпаниянын 2000дөн ашык кызматкери жумушунан бошотулат, бирок аларга жөлөкпул төлөнүп берилээрин билдирди. Телерадиого жылына бюджеттен 300 миллион доллар бөлүнүп турчу.

Оор экономикалык кризистен улам Грек өкмөтү 240 миллиард евро эл аралык жардамды алыш үчүн мамлекеттик ишканалардагы чыгашаларды кыскартуу, каражатты үнөмдөө саясатын жүргүзүүгө мажбур болууда.

XS
SM
MD
LG