Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадынын курулушу башталганы жатат


Бүгүн ГЭСтер каскады жайгашкан Нарын районунда курулуш иштерин ачуу жөрөлгөсү болот. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын маалымдашынча, ал жерге энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев жана Орусия тараптан каскадды куруудагы Кыргызстандын өнөктөшү “Русгидро” ишканасынын башчысы Евгений Дод келди. Алар президент Алмазбек Атамбаевдин келишин күтүп жатышат.

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Түгөлбай Жанбоевдин маалыматында, Нарын-1 ГЭСи 2016-жылы бүтөт деп пландалууда. Калган үч ГЭС 2019-жылы ишке киришет. Курулуш иштерине Нарындан 1500дөй адам тартылган. “Русгидронун” талаптарына ылайык адистер сынактын негизде алынат. ГЭСтердин агрегатына суу тартып келүүчү канал 25 чакырымды түзүп, 67 гектар жерди ээлейт.

Орусия менен биргеликте Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге былтыр кол коюлган. Ага ылайык, аталган долбоорду толугу менен Орусия каржылайт, үлүш болсо теңме-тең бөлүнмөкчү. Жогорку Нарындагы ГЭСтердин баштапкы баасы 400 млн. доллардын тегерегинде деп болжолдонууда. (TSh/КЕ)

XS
SM
MD
LG