Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:53

8 жаштагы секелекти зордуктоого аракет кылган жаран кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сеитов кабарлады. Окуя 10-июнда болгон. Бишкек шаардык Свердлов райондук милициянын кызматкери Санжар Тургунбаев кечки сегиздер чамасында Жаш Гвардия проспектиси менен Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинен секелек кызды бак тарапка жетелеп бараткан шектүү жаранды көрөт. Артынан түшүп, кызды зордуктоого аракет кылып жаткан жеринен кармаган.

“Кармалган адам мурда “талап-тоноочулук” беренеси менен соттолгон 30 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну. Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой аталган кызды ата-энеси издеп жүргөн. Аны кармалган адам эшиктин алдында ойноп жаткан жеринен таттуу алып берем деп алып кеткен”, - дейт Сеитов.

“Зордуктоо” фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы тергөө жүргүзүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG