Мындай өкүмдү бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Бул маалыматты сот ишине төрагалык кылган судья Алмазбек Молдобаев “Азаттыкка” тастыктады.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиев 2010-жылы жайында кармалып, апрель, июнь окуяларындагы башаламандыктар боюнча жети жылга эркинен ажыратылган. 2012-жылдын башында ден соолугуна байланыштуу жатак абакка которулган. Ошол жылдын март айында Бакиевдин өлкөдөн качып кеткени маалым болгон. (КЕ)