Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов бүгүн Бишкек жана Ош шаарларынын макамы жөнүндө мыйзам долбоорду талкуулоо учурунда айтты. Ал коомчулуктун шаар мэрлерин эл шайлаш керек деген демилгеси эске алынбай калганын кошумчалады.
Мыйзам долбоорлорго ылайык, шаар мэрине өкмөт башчы шаардык кеңештеги фракциялар менен акылдашып, үч талапкерди сунуш кылат. Шаар кеңеши сунушталган үч талапкердин бирин шайлайт. Муну айрым депутаттар шаардык бийликтерди борбордук бийликке көз каранды кылуу аракети катары сыпаттап жатышат. (КЕ)