Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:33

Буржанадзе президенттик шайлоого катышат


Грузин парламентинин мурдагы төрайымы Нино Буржанадзе октябрдагы президенттик шайлоого катышаарын бышыктады. Буржанадзе бул тууралуу бүгүн Тбилисиде журналисттер менен жолукканда билдирди.

48 жаштагы Буржанадзе 2001-жылдан 2008-жылга чейин парламенттин төрайымы болгон. Беш жылдан бери оппозициялык Демократиялык Кыймыл – Бирдиктүү Грузия партиясын жетектейт. Ал эки ирет Грузиянын президентинин кызматын аткарган.

XS
SM
MD
LG