Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Стамбулда абал курч, бирок тынч


Полиция өткөн түнү Таксим аятындагы демонстранттарды түтүн газы, суу замбиреги, желим ок менен кууп таркатты. Демонстранттар таш, Молотов коктейли жана жарылма от шамы менен жооп кайтарышты.

Тартип коргоочулар бүгүн Таксимди көзөмөлдөп турушат, демонстранттар коңшулаш Гези сейил багына барып жайгашты.

Өткөн түн толкундоолор башталгандан берки эң каргашалуу түн деп сыпатталууда. Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган "мындан кийинки массалык демонстрацияларга жол берилбейт" деп эскертти.

Толкундоолор 31-майда, өкмөттүн Таксим аянтында соода борборун куруу планынан улам чыккан эле.

XS
SM
MD
LG