Казак Акматовдун жаңы китебинин англис тилиндеги котормосунун бет ачары Лондондо 20-июнда өтөт. "Хердфордшир" басылмасынын билдирүүсүнө ылайык, "Эрика Клаустун 13 кадамы" деп аталган китептин бет ачаарына жазуучу өзү катышат. Акматов "Азаттыкка" бул китеп ашынган улутчулдукту ашкерелеген чыгарма экендигин мындайча билдирди:
- Баарыбыз эле улутчулбуз, мен да улутчулмун. Бирок кээ бирлер кыргыз тилинен башка тилдин кереги жок деп чыгып атышат. Мен албетте мындай нерселерге каршымын.
Кыргызча жазылган романды англисчеге калифорниялык котормочу Элизабет Адамс которду. Казат Акматовдун айтымында, анын «Архат», «Шахидка» деген чыгармалары да англис тилине даярдалууда.