Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Түштүк менен түндүктү бириктирчү жаңы жолдун ТЭНи даяр болот


Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген жаңы жолдун техника-экономикалык негиздемеси кийинки жумада даяр болот.

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Нарындагы ГЭСтер каскадынын курулушун баштоо аземинде билдирди. Анын айтымында, бул жолду кийинки жылдын жазынан тарта куруу пландалып жатат.

Буга чейин Атамбаев Бишкек-Ош жолуна катарлаш түштүк менен түндүктү бириктирчү жаңы жол куруу зарылдыгын белгилеп, бул жолдун техника-экономикалык негиздемесин түзүүнү жана каражат табууну өкмөткө тапшырган. Алдын-ала эсептер боюнча, 560 километрден ашык жолдун курулушуна 700 миллион доллардан ашык каражат сарпталат.(BkA)

XS
SM
MD
LG