Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Түркия бийлиги Гези багы боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады


Түркиянын бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясы Гези сейил багын кайра куруу планын референдумга алып чыгууну сунуштады. Ага чейин премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган нааразылык акциясына чыккандардын өкүлдөрү менен жолуккан эле.

Бул сейилбактын ордуна ири дүкөн курууну каалаган өкмөттүн планынан улам эки жумадан бери өлкөнүн ири шаарларында нааразылык акциялар токтобой жатат. Анда алгач 31-майда экологдор нааразылык билдирип чыгышкан. Алардын күч менен таркатылышы премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын саясатына каршы болгондорду бириктирип, өкмөткө нааразылык толкуну бүткүл өлкөгө таркап кетти.

Бийликтеги партиянын өкүлү Хусейин Челик - өкмөттүн бул маселени референдум жолу менен чечүү аракети Таксим аянтындагы нааразылык акцияларынын токтошуна шарт түзөт деп ишенерин билдирди.

Ал эми өткөн түнү борбор калаа Анкарада толкундоолор уланды. Полиция демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызчу газ колдонду.

XS
SM
MD
LG