Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:02

АКШ: жашыруун программа аркылуу ондогон теракттар болбой калган


АКШнын улуттук коопсуздук агенттиги жарандардын телефондук сүйлөшүүлөрүн тыңшап жана интернеттеги кат алышууларын көзөмөлдөгөн жашыруун программанын аркасында ондогон теракттардын алдын-алууга мүмкүн болгонун жарыялады.

Бул тууралуу аталган агенттиктин директору Кит Александер Сенаттагы угуулар учурунда билдирди. Александр мындай жол менен коопсуздук кызматтары АКШдагы жана башка өлкөлөрдө ондогон коркунучтарды алдын алууга мүмкүн болгонун айтканы менен кандай шартта, кайда болгону тууралуу эч нерсе айткан жок. Ушул апта башында бул агенттикте келишим менен иштеген Эдвард Сноуден аттуу жаран Кошмо Штаттардын өкмөтү миллиондогон адамдардын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшап, ири интернет компаниялардын серверлерине кире ала турганы тууралуу жашыруун маалыматты ашкерелеген эле.

Бул маалыматтын ачыкка чыгышы боюнча Кошмо Штаттар атайын иликтөө баштады. Сноуден болсо “дүйнө элдеринин эркин жашоого укугун коргош үчүн жашыруун маалыматты ашкерелегенин” билдирип жатат.

XS
SM
MD
LG