Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кабарлашынча, Ош шаарынын М.З аттуу судьясы 15 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түштү. Ага чейин аталган шаардын бир тургуну соттолуп жаткан атасынын баш коргоо чарасын өзгөртүп берүү үчүн акча сурап жатканын айтып УКМКнын аймактык бөлүмүнө кайрылган. Учурда иликтөө жүрүп жатат. (EBM)