Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Республика” фракциясынан депутат Назарали Арипов Баткен облусун жоюуну, Баткен менен Лейлек райондорун түз өкмөттүк башкарууга алууну сунуштады. Депутат аймакта чек ара тилкенин басымдуу бөлүгү талаштуу экенин, кырдаал опурталдуу экенин айтты. “Ата-Журттун” депутаты Курмантай Абдиев Кадамжайды Ош облусуна кошуу керектигин айтты. Соңунда бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүү чечими кабыл алынды.(EBM)