Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

"Манастагы" Транзиттик борбордун башчысы алмашты


Бүгүн полковник Жон Миллард АКШ президенти Барак Обаманын буйругуна ылайык “Манас” аэропортунда жайгашкан Транзиттик борборду башкарууга киришти. Башчылардын алмашуу аземине америкалык дипломаттар жана кыргыз бийлик өкүлдөрү катышты.

Борбордун жаңы башчысы Жон Миллард журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, америкалык базанын тагдыры боюнча Кыргыз жана АКШ бийлигинин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, ага чейин борбор кадимки тартипте иш алып бараарын айтты.

Андан сырткары, Чүй облусунда май айында учак кулаган кырсык боюнча Кыргыз тарап менен кошо иликтөө иштери жүрүп жатканын, ал эми кырсык орун алган жер тазаланаарын кошумчалады.

"Манас" аэропортундагы Транзиттик борбордо 1600 АКШ аскери жана 700 жергиликтүү жарандар иштейт. 2013-жылдын июнь айына карата борбор кыргыз экономикасына 78 миллион АКШ долларын сарптады. Жон Миллардга чейин борборду полковник Кори Мартин бир жыл жетектеген. (TTo)

XS
SM
MD
LG