Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:55

Түркия: Стамбул тынчый элек


Түрк өкмөтүнүн Стамбулдун Гези паркын өнүктүрүүнүн талаштуу планы боюнча референдум өткөрүү сунушу - полиция менен демонстранттардын тирешүүсүн токтотчудай эмес. Башкаруучу "Адилеттик жана өнүгүү" партиясынын өкүлү Хусейн Челиктин билдиришинче, өкмөттө референдум өткөрүү ыкласы – демонстранттардын парктан жана Таксим гүлбагынан чыгып кетишине өбөлгө болот деп үмүттөнүшөт. Соңку маалыматтарга караганда, демонстранттар Таксим скверинде жана ага туташ Гези паркында дале калууда.

Кечээ Анкарадагы антиөкмөттүк митингди полиция көздөн жаш агызчу газ колдонуп таркатты. Атын атабаган анкаралык демонстрант "Рейтер" агенттигине: "Менин оюмча, референдумдан пайда жок. Себеби референдум эки бөрү менен бир козунун ким-кимди жейт деп чечкениндей нерсе. Ошондуктан анын эч кандай пайдасы жок,"- деди.

Гези паркында оюн-зоок жана соода борборун курууга каршы эки жума илгери башталган демонстрация антиөкмөттүк нааразылыктарды жараткан. Полиция менен митингчилер арасындагы кагылыштарда төрт адам өлүп, 5 миңдей киши жараат алган.

XS
SM
MD
LG