Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:14

HRW Орусияны кыргызстандык үч өзбекти Бишкекке бербөөгө үндөдү


Эл аралык Human Rights Watch уюму Орусияга кайрылып, кыргызстандык үч өзбекти Бишкекке бербөөнү сурады.

Адам укугун коргоочу уюмдун бүгүнкү билдирүүсүндө - алар 2010-жылдын июнь айында болгон кыргыз-өзбек чатагында адам өлтүргөн деп шектелүүдө жана алар Кыргызстанга өткөрүлүп берилсе, кыйноого алынышы мүмкүн деп белгиленет. Ошондой эле, тергөө негизинен этностук өзбектерге багытталганы айтылат. "Хьюман Райтс Уотчтун" Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон болсо: “Орусия эл аралык милдеттенмелерин аткарып, бул адамдардын Кыргызстанга кайтарылышына жол бербеш керек”, -деп билдирди.

Кыргызстандын түштүгүндө үч жыл мурда болгон улут аралык жаңжалда 400дөн ашуун адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG