Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:23

Казакстандык оппозиционер Польшада камакка алынды


Муратбек Кетебаев Люблин шаарында камалганын анын достору тастыкташты. Оппозициянын Respublika cайтынын билдиришинче, ал казак өкмөтүнүн 7-июндагы өтүнүчү менен кармалган.

Президент Нурсултан Назарбаевдин элдешкис сынчысы, азыр качып жүргөн банкир жана саясатчы Мухтар Аблязовдун жакын чөйрөсүнө кирген Муратбек Кетебаев акыркы жылдары Польшада жашап жүргөн.

Ай башында Италиянын бийликтери Аблязовдун аялын жана кызын өлкөнүн виза тартибин бузду деп, Казакстанга өткөрүп берген. Казак бийликтери Мухтар Аблязовду БТА банкынын 5 млрд. долларын кымырып алган деп күнөөлөгөндөн кийин 2009-жылы ал өлкөдөн чыгып кеткен жана азыр Европада жашайт.

Былтыр декабрда казак бийликтери Respublika менен байланыштагы жана Аблязов каржылаган бир нече оппозициячыл медианы жапкан.

XS
SM
MD
LG