Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:58

АКШ: 1938-жылы чыккан китеп 175 миң долларга сатылды


АКШда 75 жыл мурда чыккан комикстер китебин – 175 миң долларга белгисиз кардар сатып алды.

Жалпы америкалык эр жүрөк каармандын (супергерой) эрдиктерин сүрөт жана текст менен айтып берген Action Comics No. 1 деп аталган бул китеп 1938-жылы июнда басмадан чыккан. 250 миң нуска менен чыккан китептин көбү Экинчи дүйнөлүк согуш маалында кагазга тапшырылып жок болуп кеткен. Ушу күнгө чейин анын 100дөй гана нускасы сакталып калган.

Сатылган китептин ээси - Дэвид Гонсалес деген ишкер. Ал Миннесота шаарында 1938-жылдан бери бош турган үйдү 10 миң долларга сатып алган экен. Китепти ошол үйдүн жыгач дубалдарынан таап алган. Бул учурда байкабай мукабасын жыртып алган. Акционерлердин айтышынча, мукабасы бүтүн болгондо комикс кеминде 50 миң долларга кымбат сатылмак. Комикстин жакшы сакталган нускасынын баасы учурда 3 миллион доллар турат.

XS
SM
MD
LG