Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Өзбек чек арачылар кыргыз өспүрүмдөргө кол көтөргөн факт иликтенүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары Улан Рысбеков билдирди. Анын маалымдашынча, кечээ кечке маал Өзбекстандын Сох анклавынын жанындагы Таян айылында мал айдап келаткан кыргызстандык өспүрүмдөрдү өзбек чек арачылары кармап алып, кулактарынан чоюп, мал жайылган жер Өзбекстандыкы экенин айтып опузалаган. Буга чейин маалымдалып жаткандай, чек арачылар малын тартып алган эмес.

Бул окуяга байланыштуу бүгүн таяндыктар жол тоскон. Өзбек чек арачылары Кыргызстандын аймагына жылып кирип алганын айтып нааразы болгон. Рысбеков учурда облустук милициядан барган топ жергиликтүү элден арыз алып жатканын жана бул факт кылмыш китепчесине катталарын, кылмыш иш козгоп, же козгобоо жагы чечилерин белгиледи. Чогулган материалдар боюнча өзбекстандык милиция менен сүйлөшүп, биргелешип чечкенге аракет жасаларын айтты. (EBM)

XS
SM
MD
LG