Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Ишимбай Чунуев кызматтан бошотулду


Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин төрагасы Ишимбай Чунуев кызматтан алынды. Мындай чечимди премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев тоо кен тармагындагы абалды талкуулаган өкмөттүн жыйыны учурунда кабыл алды. Анда өкмөт башчы Чунуевдин ишиндеги кемчиликтерди сындап, ишенимди актай албаганы үчүн кызматтан бошотконун жарыялады.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Отун энергетика жана кен байлыктар комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев Чунуевдин Куттуу-Сай кенине байланыштуу мыйзамсыз аракеттери үчүн кызматтан алууну өкмөткө сунуштаган.

Ишимбай Чунуев Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин төрагалыгына былтыр декабрь айында дайындалган. Бул агенттиктин мурдагы жетекчиси Учкунбек Ташбаевге кен иштетүү боюнча мыйзамсыз лицензия саткан деген айып менен кылмыш иш козголуп, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.(BkA)

XS
SM
MD
LG