Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Чек ара кызматы Cохто чыр чыкканын тастыктады


Баткенде өзбек чек арачылары менен жергиликтүү тургундар ортосунда чыр чыкканын Чек ара кызматынын маалымат кызматынан бүгүн тастыкташты. Маалыматка караганда, кечээ Өзбекстандын Сох анклавынын жанындагы Таян айылынын үч-төрт тургунун өзбек чек арачылары кармап алып, өткөрбөй коюшат. Натыйжада чек арачылар менен тургундары ортосунда чыр чыгат. Ошол эле учурда Катыке деген жерде мал жайып жүргөн кыргызстандык үч өспүрүмдү өзбек чек арачылары кармап алып, мал жайылган жер Өзбекстандыкы экенин айтып опузалаган.

Бул окуяга байланыштуу таяндыктар нааразылыгын билдирип чыгышкан. Бүгүн бул окуялар боюнча эки тараптын тургундары жана чек арачылардын катышуусунда жыйын өткөрүлдү. Анда эки өлкөнүн жарандарын эки тарапка тоскоолдуксуз өткөрүү макулдашылды. Ошондой эле Өзбекстандын өкүлдөрү бул окуялар боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүп, айтылган дооматтар такталса, күнөөлүүлөрдү жазалоого убада бергенин Чек ара кызматы кабарлады.(BkA)

XS
SM
MD
LG