Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

БУУ: Сириядагы жаңжалда 93 миңге жакын адам апаат болду


Сириядагы коогалаңда бейажал өлгөн адамдардын саны 93 миңге чукулдоодо. БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Нави Пилай бүгүн жарыялаган докладда ич ара согушта өлгөндөрдүн чыныгы саны 93 миңден алда канча көп болушу мүмкүн экени айтылат. Былтыр июлдан бери эле күнүнө орточо 5 миң адам өлгөнү документтер менен тастыкталган. Ал эми өткөн декабрдан бери 27 миң адам өлтүрүлгөн. Адамдардын өлүм-житими жөнүндөгү жаңы доклад сегиз булактын, анын ичинде Сириядагы адам укуктарына байкоочу (Британияда жайгашкан) уюмдун маалыматтарына таянып жасалган. Жалпы маалымат 2011-жылы мартта Сирияда Башар Асаддын өкмөтүнө каршы чыгуулар башталгандан тартып, быйыл апрелге чейинки мезгилди камтыйт.

XS
SM
MD
LG