Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:59

Биринчи вице-премьер Кумтөрдөгү абал менен таанышат


Бүгүн биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев баш болгон өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңеш депутаттары Кумтөр кенине жөнөп кетти.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Анда кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү кендеги абал менен таанышып, аны иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясынын өкүлдөрү менен жолукмакчы. Учурда кыргыз өкмөтү “Центерра Голд” компаниясы менен Кумтөр кени боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Анда кыргыз тарап кенди иштетүүдө бир катар жаңы шарттарды сунуштоодо. Эгер “Центерра Голд” бул сунуштарга көнбөсө, келишимди бузуу каралган.

Өткөн айда Жети-Өгүздө Кумтөрдү иштетүү келишимин бузуу талабы боюнча митинг өтүп, кенге кетчү электр жарыгы эки ирет өчүрүлгөн.(BkA)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG